13:46 17 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.7838
  • RUB1.0841
Жазкы талаа жумуштары. Архив

Депутаттар насыя, үрөн маселесинин аксап жатканын өкмөттүн алдына коюшту

© Sputnik / Александр Кряжев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
7710

Депутаттар өкмөт тарабынан дыйкандарга жеңилдетилген кредит берүү чийки иштелип калгандыктан, көйгөй жаралып жаткандыгын айтышты.

БИШКЕК, 19-мар. – Sputnik. Айыл чарбасына, дыйкандарга бериле турган жеңилдетилген насыя, үрөн, жер семирткичтер кечиктирилип, жазгы талаа-иштерине анын пайдасы тийбей калчудай болуп турат. Бул туурасында парламенттин бир топ депутаттары пленардык жыйында айтып чыкты.

Өкмөттүн жеңилдетилген насыялар боюнча чыгарып жаткан токтому колунда барларга чыгарылгандай болуп калгандыгын депутат Нурбек Мурашев белгиледи. 

Анын айтымында, дыйканда кредит алуу үчүн жүздөгөн койлору бир нече ондогон уйлары, жылкылары болушу керек экен.

Бул боюнча пикирин билдирген депутат Болот Сулайманкулов жеңилдетилген насыяны берүү чийки иштелип чыккандыгын айтты.

Депутат Сайдулла Нышанов Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл өкмөтүндө шайлоочулар менен болгон жолугушууда өткөн жылдары жер семирткич, үрөн менен камсыздоо жакшы чечилсе, быйыл бул көйгөйлөрдүн чечилиши кабыргасынан коюлгандыгын билдирди. 

"Дыйкандар өзү менен өзү, Өкмөт көңүл бурбаса болбойт", — деген депутат Абдыжапар Бекматов жер семирткичтер менен камсыздоо боюнча завод куруу планы эмне болуп жатканына же коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөргө кызыкты. 

Депутат Таалайбек Ибраев айдап-себүү иштери боюнча Кочкор районунда үрөндүн, жер семиркичтердин жетишсиздиги, техникалардын даяр эместигин кошумчалады.

Тема боюнча

Кыргызстан ЕАЭБ үчүн эт өндүрүүнү көбөйтөт
Ишкерлер эл аралык стандарттар боюнча иштөөгө үйрөнүш керек
Экономика министрлиги ишкерлерге продукциянын сапатын жакшыртууну сунуштады
Белгилер:
үрөн, айыл чарба, Сайдулла Нышанов, Болот Сулайманкулов, Нурбек Мурашев

ЭҢ МААНИЛҮҮ