Коомдук жайларда курал сатууга тыюу салынышы мүмкүн

© Sputnik / Семенов / Медиабанкка өтүүМиниатюрное ружье, изготовленное на Ижевском заводе
Миниатюрное ружье, изготовленное на Ижевском заводе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү мекемелери, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар жайгашкан жерлерде курал сатууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Жогорку Кеӊеште курал саткан юридикалык жактардын ишин жөнгө салууну ыраатташтырууга багытталган "Курал жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизүү жөнүндөгү мыйзамдын долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлгөнүн парламенттин маалымат кызматы билдирди. 

ЕАЭБга кирүү менен аскер продукциясын чыгарууга тапшырык көбөйөт — эксперт
Ички иштер министрлиги билим берүү мекемелеринде, тамактануу жайларында, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан имараттарда курал алып жүрүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө киргенин билдирди. Эми ошол жайлар жайгашкан аймакта курал сатуу менен алектенген юридикалык жактардын дүкөндөрүнүн жайгашуусуна тыюу салуу демилгеси көтөрүлүүдө.

Маалыматтарга ылайык, өлкө аймагында курал саткан 29 дүкөн бар. Анын сегизи Чүй облусунда жана Бишкек шаарында орун алган. Мисалы, борбор калаадагы №64 орто мектептин имаратында курал саткан "Эдельвейс" дүкөнү жайгашкан. Аталган дүкөндүн жабылышын талап кылып, ата-энелер жана мугалимдер нааразычылыгын билдирген. Ички иштер министрлиги ал дүкөндү жабуу аракети көрүлүп жатканын билдирүүдө.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар тарабынан курал саткан дүкөндөрдүн турак жайларда жайгашуусуна да тыюу салуу сунушу берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0