Сапар Исаков президенттин Кишеневдо болгон жолугушууларын ырастады

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүАлмазбек Атамбаев. Архив
Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков Алмазбек Атамбаевдин Молдованын Кишинев шаарындагы жолугушууларына комментарий берүүнүн мезгили келе элек дейт.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков Алмазбек Атамбаевдин Кишенев шаарындагы жолугушуусу болгонун ырастап, жолугушуу боюнча комментарий берүүнүн мезгили келе электигин маалымдады.

Исаков президенттин бардык ишмердиги сыяктуу эле, бул жолугушуу дагы Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын көздөгөндүгүн жана Кыргызстандын эл аралык аренадагы кадыр-баркын көтөрүүгө өбөлгө болооруна ишене турганын билдирди.

Атамбаев менен Путиндин жолугушуусу башталды
Молдованын жалпыга маалымдоо каражаттары Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербург шаарында Владимир Путин менен жолугушуусуна чейин расмий эмес сапар менен Кишеневго баргандыгын жазышкан. Маалыматка ылайык, Атамбаев 15-мартта Бишкек – Кишенев чартердик каттамы менен Кишеневго учуп келип, Молдованын Демократиялык партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Влад Плахотнюк менен жолуккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0