Мэрлер менен шаардык кеңешке аткаминерлерди бошотууга сунуштаганга укук берилди

Жазылуу
Алмазбек Атамбаев кол койгон "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" КР мыйзамына киргизген толуктоо боюнча эми Бишкек менен Ош шаарларынын башчылары шаардык атка минерлерди бошотуу боюнча демилге көтөрсө болот.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Бишкек менен Ош шаарларынын башчыларына шаардык атка минерлерди бошотуу боюнча демилге көтөрүүгө укук берген мыйзамга кол койду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Бул сунуш "Борбордун статусу жөнүндө" жана "Ош шаарынын статусу жөнүндө" мыйзамдардын 21-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн ишмердигин координациялайт, алардын жетекчилерин дайындоого макулдугун берет, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилик кызматына талапкерлердин конкурстук тандоосуна катышат. 

Бишкетеги жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кулматов жаңы конуштардын жашоочуларынын укуктарын мыйзамдаштырууну сунуштады
Андан сырткары мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызматынан бошотуу тууралуу маселени көтөрүүгө укук берилген. Бул мыйзамда бир катар күч органдары менен ведомстволорго мэрлердин бул укуктары жайылган эмес. Алар КР соттору, прокурорлору, улуттук коопсуздук жана мамлекеттик статистика органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери. 

"Борбордун статусу жөнүндө" жана "Ош шаарынын статусу жөнүндө" мыйзамдардын 15-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Бишкек же Ош шаардык кеңештеринин компетенциясына шаардык кеңештин чечимдерин тиешелүү деңгээлде аткарбаган учурларда мамлекеттик органдардын территориалдык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине ишеним көрсөтпөө тууралуу маселени көтөрүү милдети дагы кирет.

Шаардык кеңештин депутаттары КР сотторуна, прокурорлоруна, улуттук коопсуздук жана мамлекеттик статистика органдарынын аймакты бөлүмдөрүнүн жетекчилерине карата эч кандай чара көрө алышпайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0