Урмат Аманбаеванын ордуна мэриянын мурдагы кызматкери депутат болду

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүПортфель. Архив
Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча агенттиктигинин мурдагы кызматкери Болот Сулайманкулов коррупцияга айыпталып жаткан Урмат Аманбаеванын ордуна ЖКга "Республика" партиясынан депутат болуп барды.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Парламентарийлердин курамы дагы бир депутатка жаңыланып, мандат ээси болуп Болот Сулайманкулов келди. Бул туурасында КРдин шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) кабарлады. 

Шейшемби күнү БШКнын кезексиз отуруму болуп, анда коррупцияга айыпталып жаткан Урмат Аманбаеванын ордуна "Республика" партиясынан талапкер болгон Сулайманкуловдун талапкерлигин карады. Кылмыш ишин кароо сотко жөнөтүлгөн. БШК Башкы прокуратуранын өтүнүч каты менен январь айында Аманбаеваны депутаттык мандаттан ажыраткан

БШКнын мүчөлөрү депутатка төш белгиси менен күбөлүк тапшырды. Аталган ведомстводон республикачыл жаңы Бишкек мэриясынын жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча агенттиктигинин мурдагы кызматкери болуп иштегендигин билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0