Атамбаев Анапияевди өлтүргөн Бакиевдерди кайтарып берүү боюнча Лукашенкого кайрылды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКурманбек Бакиев агасы Жанибек Бакиев менен. Архив
Курманбек Бакиев агасы Жанибек Бакиев менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Минск шаарында өлтүрүлгөн кримтөбөл Жаныш Бакиевдин колунан келгени эч шек туудурбай турганын өлкө башчысы өз кайрылуусунда белгиледи.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Алмамбет Анапияевдин Минск шаарында өлтүрүлүшү боюнча беларусь президенти Александр Лукашенкого кайрылып, Бакиевдерди беларусь бийлиги колтугуна катпай, кыргыз тарапка өткөрүп берет деген ишеними бар экенин айтты.

Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусунун толук тексти.

"Жакында чуулгандуу Жаныш Бакиевдин мурдагы өзүнүн жакын адамынын үстүнөн Минскиде жүргүзгөн кандуу криминалдуу "разборкалары" Бакиевдердин үй-бүлөсү Белоруссияда өздөрүн эч качан жазага тартылбасын сезип, баш кесерлери менен кандуу жолун улантып жаткандыгын толук ырастап олтурат. Бул туурасында кылмыштын күбөсүнүн жарыяланган көрсөтмөлөрү ачык-айкын далилдеп, Белоруссиянын борбор шаарындагы кварталдардын биринде Жаныш Бакиев жана анын жан-жөкөрлөрү Алмамбет Анапияевди өлтүргөндүгүнөн эч шек туудурбайт.

Урматтуу Александр Григорьевич Лукашенко жана достошкон беларусь эли көркоолорду колтугуна катып алгандыгын акыры түшүнөт деп терең ишенем.

Беларустар Хатынь кыштагындагы дүйнөнү титиреткен улуу трагедия болгон 1943-жылдын жазын унута албаган сыяктуу эле, кыргызстандыктар Бакиевдердин буйругу менен Бишкектин борбордук аянтында карапайым адамдарды аттырган 2010-жылдын жазын эч качан унута албайт.

Кыргызстанда бир тууган Бакиевдерди мыкаачылар катары эскеришет. Бул канкорлор адамдарды тирүүлөй өрттөгөнү, журналисттерди бычактаганы, бизнесмендердин колу буттарын сындыргандыгы, курмандыктарынын кулагын, мурдун кесип таштаганы элдин эсинде.

Белоруссиянын бийлиги Бакиевдердин айбандык жана мыкаачылык маңызына көзү жетиши үчүн бул криминалдуу үй-бүлө дагы кимди өлтүрүшү керек? Бул канкорлор кайда жүрсө дагы, колтугуна катып алган Белоруссияда дагы кан төккөнүн уланта берет!

Дээрлик беш жылдан бери Кыргызстан Минсктен эл аралык конвенцияларга ылайык кылмышкерлерге издөө салуу, кылмыштык куугунтуктоо жана кылмышкерлерди өткөрүп берүү боюнча милдеттерин аткаруусун талап кылып келет. Анын ордуна Белоруссиянын жетекчилиги Бишкектин мыйзамдуу талаптарын четке кагып келди. Ошол эле учурда биз ар дайым Белоруссияда бул бандиттердин жүргөнүн колдоп, улуттук паспортторду, мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып, мааракелери менен куттуктаганын ырастаган маалыматтарды алып турдук.

Минскидеги Бакиевдердин катышуусу менен өткөн криминалдык "разборкалар" Белоруссиянын жетекчилери үчүн кооптуу белги болот деп ишенем. Анткени өлкөдө накта криминалдуу жана кылмыштуу элементтерди калкалоого байланыштуу жарандарынын коопсуздугуна шек келээри талашсыз. Бул иш ошондой эле Белоруссиянын имиджине дагы кара так түшүрөт.

Белоруссиянын жетекчилиги мындан ары Кыргызстанда карапайым жарандарды өлтүргөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартылган кылмышкерлерди калкалабайт деп үмүттөнөм. Беларус тараптын бул кылмыштарды катуу айыптоосу жана Кыргызстанга адам өлтүргүчтөрдү кармап, өткөрүп берүү боюнча иштиктүү чараларды көрүшү Белоруссиянын жана анын жетекчилигинин эл аралык аренада кадыр-баркынын өсүшүнө көмөктөшөт деп ишенем", — деп айтылат өлкө башчынын кайрылуусунда.

Жаңылыктар түрмөгү
0