Жамин Акималиев: легендарлуу парламенттин таркашына Кумтөр себеп болгон

© Sputnik / Борис Приходько / Медиабанкка өтүүКонституция күнүн биринчи жолу майрамдалышы. Архив
Конституция күнүн биринчи жолу майрамдалышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1990-жылдын 25-февралында Кыргызстандын жаңы тарыхында биринчи жолу атаандаштык жол менен депутаттар шайланган. Бул парламент 1990-1994-жылдары иштеп мөөнөтүнө бир жыл жетпей таркатылган.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. 1990-жылы шайланып бийликке келген депутаттар эмне үчүн "легендарлуу парламенттин" депутаттары деген наамга татыктуу болуп калганын ошол убактагы депутат Жамин Акималиев айтып берди. 

— Легендарлуу парламенттин өзгөчөлүгү эмнеде эле?

— Легендарлуу парламенттин мыкты болуп калышынын бирден бир себеби, тарыхта биринчи жолу депутаттар атаандаштык негизде шайланган. Алардын татыктуусун эл өзү тандап алган. Совет доорунда бир эле киши депутат катары коюлуп, эл ошону гана шайлачу — альтернатива жок болчу. Бул биринчиден.

Экинчиден, биз бир мандаттуу округдардан шайландык. Азыркыдай партиянын атынан, партиянын артынан шайланган эмес. Ар бирибиз 30-100 миң кишиси бар шайлоо округдарына барып, эл Ташматовду, же Акматовду тандап алчу. Ошентип биз элдин элегинен өтүп, чыныгы элдин депутаты болууга татыктуу болдук. Чынында эл өзү бизди шайлагандан кийин жоопкерчиликти сезип, эл үчүн иштеп бердик. Мына ушул эки артыкчылыгы менен айырмаланат.

— Эл өзү тандап шайлап алчу деп калдыңыз. Ошол кездеги шайлоо күнүн эстеп көрсөңүз?

— Бул күнү менин да көп атаандашым болгон. Андыктан абдан толкунданып, жыйынтык кандай болуп кетет деп көп ойлонгонбуз. Менин кубанганым шайлоонун биринчи эле турунда алдыга озуп чыгып, легендарлуу парламенттин депутаты болуп шайлангам. Саналуу гана округдарда шайлоо бир тур менен аяктаган. Шайлоо округдарынын дээрлик 90 пайызында шайлоо эки тур менен өткөн. Мени менен дагы 6 атаандашым Орок округуна өз талапкерлигибизди койгонбуз. Ошол убактагы мыйзамга ылайык, элдин 50 пайыздан кем эмес добушун алыш керек болчу. Мен элдин 52,7 пайыз добушун алгам. Бул тарыхый күн.

— "Легендарлуу парламент" өз мөөнөтүнөн бир жыл эрте таркатылды эле. Анын тарашына эмне себеп болду эле?

Кумтөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамытов: Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө Centerra юристтери келди
— Мунун эки чоң себеби бар. Биринчиси президенттин өз колуна бардык күчтөрдү топтоого болгон аракети. Экинчиси, Кумтөр кени. Алгач өлкөдө парламенттик-президенттик башкаруу системасын киргизгенбиз. Президенттин да укуктары, парламенттин укуктары да абдан күчтүү болчу. Эки бийлик органы бири-бирин салмактап, тескеп турчу. Парламент макул болмоюнча президент министрлерди шайлай алчу эмес. Көп маанилүү маселелерде президент депутаттардын көзүн карап турчу. Президент жыйындарда дайыма отурчу. Ошол кезде деле президенттин укуктары бир топ эле жакшы болчу. Акаевдин ташы өйдө кулап турган, биз аны таразалап, кемчилигин кетирбей тескеп турчубуз. Президент бул жетишпейт, менин бийлигим аз болуп атат деп ойлодубу, же анын айланасындагылар буздубу, айтор, өзүнө бийликтин барын топтош үчүн демократиялык негизде шайланган парламентти таратууга барды. Кийин бардык бийликти өзүнө алгандан кийин иштердин баары бузулду. 1994-жылга чейин Акаев жакшы эле иштеп турган. Анткени анын иштерин көзөмөлдөп турган парламент бар болчу. 

Экинчи чоң себеп бул Кумтөрдүн алтыны болду. Анын чыры азыркы кезге чейин басыла элек. Кумтөрдү Акаев башынан сунуш кылып көтөргөндө эле парламент каршы чыгып, "келишимдер туура эмес", "биздин кызыкчылыкка туура келбейт" дегенбиз. Балким алардын акчасын алып алганбы ким билет, ал киши болбой көгөрүп туруп алды. Бул иш боюнча атайын комиссия түзүп, анын башчысы катары Турдакун Усубалиевди шайлаганбыз. Ушул талаш-тартыштан улам биз өкмөттү крисизке чейин алып бардык да. Акаевдин айласы кетип, ошол убакта бул келишимге кол койгон Турсунбек Чыңгышевди кызматтан кетирип, Апас Жумагуловду алып келди. Мындай кадамы менен ал Кумтөр маселесин аягына чыгам деп ойлогон. Бирок, бир катар депутаттар алтын боюнча түзүлгөн келишим туура болбогонун айтып туруп алды. Акаев өзүнүн оюн ишке ашырыш үчүн парламентти акыры таратып тынды. Легендарлуу парламент ошол алтын маселесинин курмандыгы болуп калды. Парламентти мөөнөтүнөн бир жыл мурун таратып жиберди. 1995-жылга чейин иштеши керек болчу.

Мына азыр деле алтындын чыры уланып келе жатат. Бул чырдын арты менен азыркы парламент деле таркап кетиши мүмкүн. 

— Анда азыркы парламенттин ишине кандай баа бересиз?

Мамытов: "Кумтөр" боюнча жагдай парламентте талкууланат
— Эң эле ашык дегенде үч деген баа берем. Себеби, булар элдин ишеничин, мүдөөсүн актай алган жок. Ошол эле учурда, буларды күнөөлөгөнгө да болбойт, себеби ситема ошондай болуп, булар системанын курмандыгы болуп калды. 

Жок дегенде депутаттардын жарымын партиялык тизме менен жарымын бирден мандаттуу округдардан шайлайлы деп такай эле айтып келе жатам. Бирок, моюн толгоп ага да барбай жатышат. Балким быйылкы шайлоого ошондой шарт киргизип коюшса түзүк болот эле. Ошондо депутат болуп келгендер жоопкерчиликти сезишмек. Азыркы депутаттарды эл шайлабай эле, партиянын лидерлери дайындап коюп атпайбы. Мына жакында эле эки депутатты дайындап койду. Алардын ким экенин эл билбейт. Биз мурда шайланаар алдында эки ай үгүт иштерин жүргүзчүбүз. Эл 10 кишинин ичинен татыктуусун тандап алчу. Элдин элегинен өтүп тандалган депутаттар эл үчүн күйгөн.

Маалымат үчүн: 

Элдин эсинде "легендарлуу парламент" деп калган Кыргыз ССР Жогорку Советинин он экинчи чакырылышы 1990-жылы шайланган. Алар 1990-жылдын апрелинен 1994-жылдын сентябрь айына чейин иштеген. 1993-жылдын май айында жаңы конституция кабыл алынгандан кийин мамлекеттин мыйзам чыгаруучу органы Жогорку Кеңеш деп аталып калган. Парламентте 350 депутат болгон.

1990-жылдары СССР ыдырап баштаганда Кыргызстан эгемендүү мамлекет болуу үчүн өз багытын тандап, парламенттик башкаруу формасында алдыга алгачкы кадамдарын таштаган. Ушул өткөөл маалда "легендарлуу парламент" тарабынан маанилүү нормативдик укуктук актылар кабыл алынып, ал советтик тоталитардык-авторитардык режимдин кулашына өз салымын кошкон. Кабыл алынган ошол убактагы мыйзамдар эгемендүү Кыргызстандын укуктук, саясый жана экономикалык негизи болуп калган.

Он экинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан мамлекет үчүн маанилүү болгон чечимдер кабыл алынган. 1991-жылы Эгемендүүлүк жөнүндө декларациясыны кабыл алышкан. Ушул эле жылы Эгемендүү Кыргызстандын алгачкы президенти шайланган. 1993-жылы Эгемен Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынган. 

Андан тышкары мамлекеттик атрибуттар жактырылып, мыйзамдуу түрдө кабыл алынган. Алсак, Желек, (1992-жылдын 3-марты), Герб (1994-жылдын 14-январы), Гимн (1992-жылдын 18-декабры), улуттук валюта сом (1993-жылдын 3-майы) кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0