Эксперт: Салянованын партиясынын келечеги анча алыс болбой калышы да мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековБрифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой
Брифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-башкы прокурор Аида Салянова бүгүн "Күчтүү Кыргызстан" партиясынын саясий кеңешинин чечими менен төрайым болуп шайланып, партиялаштары менен биргеликте расмий түрдө парламенттик шайлоого кадам таштады. Буга байланыштуу экс-башкы прокурор айымдын шайлоодо жеңишке жетишүү мүмкүнчүлүктөрү туурасында эксперттин пикирин уктук.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Экс-башкы прокурор Аида Салянова бүгүн "Күчтүү Кыргызстан" партиясынын саясий кеңешинин чечими менен төрайым болуп шайланып, пикирлештери менен биргелешип, расмий түрдө парламенттик шайлоого кадам таштады. Маалыматтарга караганда, аталган партияга бир ай мурда мүчө болуп кирген. "Күчтүү Кыргызстандын" мурдагы төрагасы Расул Умбеталиев Салянова аталган партияны жетектеп, парламенттик шайлоого катышууга даярданып жаткандыгын билдирди. 

Учурда кыргыз коомчулугунун көзүнө түшүп, көп талкууну жараткан экс-башкы прокурор Салянова "Күчтүү Кыргызстан" партиясы менен канчага бара алат, мандатка ээ болобу, шашылыш түзүлгөн башка саясий партиялардын тагдырын кайталабайбы деген теманын тегерегинде эксперт, саясий илимдеринин кандидаты Бакыт Орунбековдун пикирин уктук. 

— Экс-башкы прокурор Салянова "Күчтүү Кыргызстан" партиясы менен парламенттик шайлоого бара турганы маалым болду, канчалык деңгээлде ийгиликке жете алат деп баалайсыз? 

Жолдошова: парламенттик шайлоодо бул партия утат, же утулат деп болжоого болбойт
— Шайлоого катышууга, партия түзүүгө ар кимдин укугу бар, ошол мүмкүнчүлүктөн Аида Салянова да пайдаланды. Кыргыз саясий элитасында анын өз орду калыптанып калды, эл арасында бул кишиге оң баа берилип жатканын жокко чыгарууга болбойт. Аны жактаган, колдогон электораты пайда болду. Салянова ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланып күрөшкө чыгып жатса керек. Бирок, анын бул күрөштө жакшы натыйжага жетиш үчүн жалгыз Салянованын популярдуулугу мыкты натыйжа бере албайт, андан сырткары да башка дагы өзүнө окшош прогрессивдүү, чечкиндүү күчтөр айланасына топтолушу зарыл. Кыргызстанда мурда кийин боло элек, айтыла элек, калкка жакын позициялар менен чыгышы керек. 

Экинчиден, шайлоочунун көңүлүнө тереңдеп кирип, ынанымына арзып, артынан ээрчитиш үчүн, буларга убакыт тардык кылабы деп ойлойм. Себеби, шайлоого өтө эле аз убакыт калды. Бирок, КРдин акыркы саясий айдыңында шайлоо алдында түзүлүп, ийгиликке жетишкен партиялар да бар…

— Тез арада түзүлүп, ийгилик менен парламентке келди деген партиялар, фракцияга киргенден кийин, кызыкчылыктары дал келбей өз ара ажырымга кабылган көрүнүштөргө шайлоочулар күбө болбодубу?..

— Ооба, бул жерде "Ата-Журт" менен "Республика" партияларынын мисалы айтып турат. Алардын шашылыш түзүлгөндүгүнүн кесепетинен, келечеги анча алыс болбой калгандыгы көрүнүп калды. Салянованын түзүп жаткан партиясы да ошондой тагдырга туш болуп калышы мүмкүн. Анткени, Салянованын популярдуулугунан пайдаланып, бул партияга кирип, мандат алгандан кийин анын программасы менен платформасын, ички принциптерин бөлүшпөй, өз кызыкчылыгын көздөп кеткен алдыңкы мүчөлөрү чыгышы мүмкүн.

Дагы бир эске ала турган чоң фактор – эл арасындагы популярдуулук өзүнчө, ал эми партиянын социалдык катмарын топтоо өзүнчө мааниге ээ. Канчалык деңгээлде алар акыркы алты ай ичинде туруктуу социалдык катмар же электорат түзө алат? Ал үчүн жакшы идеялар, программалар керек деңизчи, бирок, Кыргызстандын шартында чоң материалдык каражат, акча керек экендиги маалым. Демек, партиянын финансылык-каржылык мүмкүнчүлүгү жетиштүүбү, бул да өзүнчө роль ойнойт. Ушул факторлорду эске алганда, алар толук түрдө, жакшы багытта иш алып барса, парламентке келиши мүмкүн. Ал эми булардын ичинен кайсы биринен кемчилик кетсе, анда парламентке келиши кыйын. 

Үчүнчү факторду да эстен чыгарбоо керек. Алар жалгыз ийгиликке жете албай тургандыгы сезишсе, башка бир партиялар, саясий күчтөр менен биригүү жолу четке кагылбайт. Себеби, Салянова акыркы маалымат жыйынында ушундай ойго жем таштаган. 

— Экс-башкы прокурор кайсы партия менен бириге кура алат деп болжол кыла аласыз?

— Азыр так айтыш кыйын. Анткен менен акыркы саясий айдыңдагы партиялардын ичинен сырткы баамдоолорго караганда, "Ата Мекен" партиясы менен Салянованын мамилеси жаман эмес, андан сырткары коомдо таанылып, ордун алып калган партиялар менен кызматташуусу мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0