Экс-башкы прокурор жаңы партиясы менен парламенттик шайлоого барат

© Sputnik / Табылды КадырбековБрифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой
Брифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аида Салянова "Күчтүү Кыргызстан" деп аталган партияны жетектеп, күзүндө боло турчу парламенттик шайлоого катышууга даярданып баштады.

Бишкек, 19-фев. — Sputnik. Аида Салянова "Күчтүү Кыргызстан" партиясын бүгүнтөн тарта жетектеп баштады. Бул туурасында аталган партиянын түптөөчүсү, энергетика тармагы боюнча эксперт болуп жүргөн Расул Умбеталиев Sputnik сайтына билдирди.

Аида Салянова. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Cалянова: быйылкы парламенттик шайлоого катышам
Анын айтымында, бүгүн партиянын саясый кеңешинин жыйыны болуп, Умбеталиев өз каалоосу менен төрагалыктан кетип, анын ордуна мурдагы башкы прокурор Аида Салянова шайланды. Экс-башкы прокурор аталган партияга бир ай мурда мүчө болуп кирген.

Энергетика тармагы боюнча эксперт болуп жүргөн Умбеталиев аталган партия парламенттик шайлоого катышууга даярданып жаткандыгын билдирди. 

Эске салсак, аталган партия 2005-жылы "Жарык Кыргызстан" деген ат менен Адилет министрлигинен каттоодон өткөн. 2015-жылы ал "Күчтүү Кыргызстан" деген жаңы ат менен кайра катталып, жаңы уставы түзүлгөн.

Өз ыктыяры менен кызматтан кеткен Аида Салянова маалымат жыйынында күзүндө боло турчу парламенттик шайлоого бара турганын айтып, партиялар менен сүйлөшүп жатканын маалымдаган.

Ал ошондой эле, акыркы убакта президенттин колдоосу болбой калганын билдирип, кызматтан кетүүсүнө эң биринчи себеп ушул болгонун айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0