Парламент Мамбеталиеваны Адилет министри кызматына жактырды

© Фото / пресс-служба Министерства юстиции / minjust.gov.kgМамбеталиев
Мамбеталиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттары Жылдыз Мамбеталиеванын талапкерлигин Адилет министри кызматына жактырды.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Адилет министри кызматына өкмөт башчы тарабынан сунушталган Жылдыз Мамбеталиеванын талапкерлигин эл өкүлдөрү колдоду.

Жыйынга катышкан 99 депутаттын 96сы өз добушун берди.

Белгилей кетсек, мурдагы адилет министри Алмамбет Шыкмаматов өз ыктыяры менен кызматтан кеткенден кийин, анын ордуна милдетин убактылуу аткаруучу болуп орун басары Мамбеталиева дайындалган.

Шыкмаматов президенттин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев менен болгон чыр-чатактан  кийин кызматтан кеткенин билдирген эле. Коалициялык көпчүлүктүн келишимине ылайык, Адилет министрлигинин квотасы "Ата Мекен" фракциясына берилген. Бирок, фракция өз жыйынында талапкерин көрсөтпөй турганын айтып, бул укукту премьер-министрге беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0