Салянова депутат Келдибековдун соттук иши адилет болоруна ишеним артат

© Sputnik / Табылды КадырбековБрифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой
Брифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-башкы прокурор Салянова депуттаттын кайтып келиши менен анын отставкасынын байланышы боюнча коомчулук өзү баа бериши керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 12-фев — Sputnik. "Мен соттун адилет болоруна ишеним артып турам", — деп жооп берди экс-башкы прокурор Аида Салянова Sputnik маалымат сайтынын ЖК депутаты Ахматбек Келдибековдун кайтып келиши боюнча берген суроосуна. 

Салянова эл арасында чоң талкууну жараткан кылмыш иштери боюнча коомчулук анны позициясын билбей тургандыгын айтты. 

"Бир катар адамдардын келишин менин отставкам менен кандай жагдайда байланышы бар экендигине коомчулук өзү баа берсин", — деп айтты мурдагы башкы прокурор.

Ахматбек Келдибеков. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Депутат Келдибиков кечээ Кыргызстанга келди
Шейшемби күнү, 10-февралда парламенттеги "Ата Журт" фракциясынын депутаты Келдибеков Бишкекке келгендигин, анын жактоочусу Татьяна Чильникина билдирди. Ал Sputnik маалымат сайтынын кабарчысына Келдибековдун азыр абалы дурустугун, ага операция жасалгандыгын жана 1-1,5 айдан кийин кайрадан дарыгерлерге кайрылышы мүмкүн экендигин билдирген. 

20-ноябрда 2013-жылы Келдбикев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын убактылуу кармоочу жайына камалган. Праламентарийге карата Кылмыш Жазык кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратуранын маалыматында, депутат Салык кызматынын жана Социалдык фонддун жетекчиси жана ЖКнын төрагасы болуп тургандагы коррупциялык иштери үчүн айып тагылган. 

Салянова Баш прокурор болуп турган мезгилинде 21-ноябрда депутаттардын алдында сүйлөп жатканда Келдибековдун мамлекетке келтирген зыяны 40 миллион сомдун тегерегинде экендигин айткан. Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эл өкүлүнө чет өлкөгө барып дарыланып келүүгө уруксат берилген. Медиктердин берген көрсөтмөсү боюнча, ага Германияга гана барууга уруксат каралган. Андан берки убакыт ичинде ЖКнын экс-спикеринин тизесине төрт операция жасалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0