Салянова: "Манас" орденин ал деп мени эч ким чакырган эмес

© Фото / пресс-служба ЖК КРАида Салянова
Аида Салянова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аида Салянова "Манас" орденин ал деп аны эч ким чакырбаганын айтты.

БИШКЕК, 11-фев — Sputnik. ""Манас" орденди берели десек келбей койду деген ушак кептер чыкты. Мен ойлом бул менин тегерегимде жүргөн саясый интригалардын чекеси. Мени биринчиден "Манас" орденин ал деп эч ким чакырган жок", — деген пикирин мурдагы башкы прокурор Аида Салянова бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Бул сыйлык жеке адамдын эмес, мамлекеттик сыйлык экенин айткан Салянова, эгер тиешелүү чакыруу болсо барып алмактыгын кошумчалады.

"Буюрган сыйлык болсо, бүгүнбү, же эртеңби алам деп ойлойм. Буйругу жок болсо эч кимге таарыныч жок", — деди ал.

Аида Салянова - Sputnik Кыргызстан
Салянова: өлүм алдындагы кат жазууга да мажбур болдум
Президент Алмазбек Атамбаев Аида Салянованы II даражадагы "Манас" ордени менен сыйлоо туурасындагы жарлыкка өткөн жылдын аягында кол койгон болчу.

Жарлыкта "Башкы прокурор мамлекетти укуктук жана демократиялык коомду бекемдөөдөгү кошкон салымы үчүн сыйланды" деп жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0