Алмамбет Шыкмаматов ээлеген кызматынан расмий түрдө бошотулду

© Фото / пресс-служба Министерства юстиции / minjust.gov.kgШыкмаматов Алмамбет Насырканович
Шыкмаматов Алмамбет Насырканович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев Адилет министринин кызматтан кетүү тууралуу жазган арызын канааттандарды.

БИШКЕК, 10-фев — Sputnik. Адилет министри Алмамбет Шыкмаматов ээлеген кызматынан расмий түрдө бошотулду. Тийиштүү жарлыкка Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Депутаты Госдумы РФ - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт башчысы Адилет министрине кимдин талапкерлигин сунуштаарын чечип жатат
Белгилей кетсек, Адилет министри кызматынан кетүү тууралуу арызын жазган. Ал мындай кадамга ага коюлган ультиматумдан улам барганын айткан болчу.

Жогорку Кеңештеги Коалициялык көпчүлүктүн макулдашуусуна ылайык, Адилет министрлигинин квотасы "Ата Мекен" фракциясына берилген. Фракция аталган кызмат ордуна мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы сунушташкан. Бирок ал мындай сунуштан баш тарткан.

"Ата Мекен" фракциясы өз жыйынында Адилет министрин тандоо укугун премьер-министрге берүү чечимин кабыл алышкан. Учурда өкмөт адилет министрлигине талапкерлерди кароодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0