Өкмөт башчысы Адилет министрине кимдин талапкерлигин сунуштаарын чечип жатат

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүДепутаты Госдумы РФ
Депутаты Госдумы РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адилет министрлигинин башына сунуштай турган талапкер тандалууда.

БИШКЕК, 10-фев — Sputnik. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Адилет министрине кимдин талапкерлигин сунуштаарын чечип жатат деп билдирди Sputnik сайтына өкмөттүн аппаратындагы булактар. 

Парламенттеги көпчүлүк колациянын келишими боюнча "Ата Мекен" фракциясы Адилет министрлигине талапкерди сунушташы керек болучу. Бирок, фракция өзүнүн жыйынында талапкерди сунуштоодон баш тартып, ал укукту өкмөт башчысына берүү чечимин кабыл алган. 

Аталган булактар Sputnik маалымат сайтына Алмамбет Шыкмаматовдун отставкага жазган арызы каралып аткандыгын билдирди. 

"Анткен менен, Адилет министрлигинин башына сунуштай турган талапкер тандалууда", — деп айтты ал.

Адилет министрлигинин маалымат кызматы учурда министрдин милдетин анын биринчи орун басары Жылдыз Мамбеталиева аткарып жаткандыгын билдирди. Ал эми бир катар эксперттер аталган айым Адилет министрлигине талапкерлердин негизгиси экендигин айтышууда. 

Алмамбет Шыкмаматов министр юстиции Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Шыкмаматов кызматтан ага коюлган ультиматумдан улам кеткенин айтты
Адилет министри Шыкмаматов февралдын башында президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев менен республикалык басылмалардын бирине чыккан маектен кийинки кер-мур айтышуудан улам, отставкага кетүү боюнча арызын жазган. Басылма Шыкмаматов "Башкы прокурор Аида Салянованын отставкасы Данияр Нарымбаевдин саясий интригаларына байланыштуу" экендигин айтты деген маанайда жазып чыккан. Аппарат жетекчиси Шыкмаматовдон эл алдына кечирим суроосун талап кылган, бирок, министр "кызматта калуу үчүн айтпаган сөз үчүн кечирим сурабай тургандыгын" билдирип, баш тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0