Адилет министрлигине талапкерди премьер-министр өзү тандайт

© Фото / пресс-служба ЖК КРАрхив: Нышанов Сайдулла
Архив: Нышанов Сайдулла - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы өз жыйынында адилет министрлигине талапкерди тандоону премьер-министрге берүү чечимин кабыл алды.

БИШКЕК, 5-фев — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясы адилет министри кызматына өз талапкерин көрсөтпөйт. Бул тууралуу биздин кабарчыга фракциянын мүчөсү Сайдулла Нышанов билдирди.

Анын айтымында, адилет министри кызматынан кеткен Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна алар мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы сунушташкан, бирок ал баш тартып койгон.

"Фракциянын жыйынында адилет министрлигине талапкер тандоо укугун премьер-министр Жоомарт Оторбаевге берүү чечими кабыл алынды", — деди ал.

Алмамбет Шыкмаматов министр юстиции Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Шыкмаматов кызматтан ага коюлган ультиматумдан улам кеткенин айтты
Эл өкүлүнүн айтымында, өкмөт башчы жакын арада өз талапкерин адилет министрлигине көрсөтөт.

Шыкмаматов кызмат ордун президенттин аппаратынын жетекчиси менен болгон чырдашуудан улам өткөрүп берген. 

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында президенттин аппаратынын жетекчиси адилет министринен жергиликтүү ЖМКга берген маегинде "Аида Салянованын кызматтан кетүүсү Данияр Нарымбаевдин саясый оюну" деп айтканы үчүн кечирим суроону талап кылган. 

Шыкмаматов андай деп айтпаганын, анын айткандарын журналист билип туруп бурмалаганын же түшүнбөй калып ушундай деп жазган мүмкүнүдүгүн айткан.

Шыкмаматов кызматтан кетүүсүнүн себебин да айтып, ага коюлган ультиматумдан улам ушундай кадамга барганын билдирген.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын келишимине ылайык, "Ата Мекен" фракциясы Адилет министрлигине өз талапкерин сунушташа керек болчу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0