АКШнын Кыргызстандагы убактылуу элчиси болуп Ричард М.Майлз дайындалды

© AFP / Santiago Lyon / poolРичард Майлс
Ричард Майлс - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын Кыргызстандагы убактылуу элчиси болуп Ричард М.Майлз дайындалды. Ал жакынкы жумаларда Кыргызстанга келээри күтүлүүдө.

БИШКЕК, 5-фев — Sputnik. Ричард М.Майлз АКШнын Кыргызстандагы элчилик кызматына убактылуу дайындалды. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди.

Кадыр Токтогулов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды
Маалыматка ылайык, Ричард М. Майлз АКШнын Сенаты Кыргызстандагы элчисин дайындаганга чейин убактылуу иштейт. Учурда ал канчасында келери тактала элек, бирок жакынкы жумаларды келери айтылууда.

АКШнын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Памела Спратлен кызмат мөөнөтү аяктагандыктан кеткен. Ал АКШнын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0