Нурсулу Ахметова Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгын жетектеди

Жазылуу
Кыргызстан тараптан директорлор кеңешине каржы жана экономика министрлери кирди. Ал эми Россия тарап каржылык институтундагы өзүнүн өкүлдөрү тактай элек.

БИШКЕК, 4-фев — Sputnik. Нурсулу Ахметова Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгын жетектеди деп билдирди Sputnik маалымат сайтына КР Экономика министрлигинен.

Ахметова буга чейин президенттик аппараттын Финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүн жетектеген. 

Андан сырткары бул эл аралык бирикменин башкармалыгынын башка мүчөлөрү да аныкталды. Башкармалыктын курамына "РСК Банктын" мурдагы жетекчиси Алмаз Айбалаев жана KICB банкынын башкармалыгынын мурдагы мүчөсү Бакыт Курманбеков кирди. 

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун директорлор кеңешинин курамына экономика жана каржы министрлери кирди, бирок, азырынча аларды бекиткен Жарлыкка кол коюла элек. 

Экономика министрлигинен, Россия тарап бул кызматка өзүнүн топ-менеджерлерин али беките электигин айтышты.

Директорлор кеңешине россиялык тараптан үч, ал эми Кыргызстан тараптан эки, ал эми башкармалыктын курамында КРден үч, РФтен эки болушу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0