Адилет министрлиги "ЖМК жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун кайтарып алды

Жазылуу
Адилет министрлиги билдиргендей, мыйзамга өзгөртүү киргизүү – иштеп жаткан жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана журналисттердин ишмердигине чектөө коюу эмес, ЖМКларды каттоону тартипке салуу үчүн жасалган.

БИШКЕК, 2-фев — Sputnik. Кыргызстандын Адилет министрлиги "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кайтарып алды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Чет элдиктердин Кыргызстанда ЖМК ачуусуна тыюу салууну Адилет министрлиги сунуштоодо
Адилет министрлиги белгилегендей, "мыйзамга өзгөртүү киргизүү – иштеп жаткан жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана журналисттердин ишмердигине чектөө коюу эмес, ЖМКларды каттоону тартипке салуу үчүн, ошондой эле, Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзамдын талаптарын бузгандардын жоопкерчилигин белгилөө максатында жасалган".

Учурдагы "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, ЖМКлардын катарына – гезиттер, журналдар, жана алардын тиркемелери, альманахтар, китептер, бюллетендер, коомго таратылуучу бир жолу чыккан басылмалар, теле-радиолор, кино жана видеостудиялар кирет.

Бирок, Интернет басылмалар жалпыга маалымдоо каражаттарынын катарына кирбейт. Ушундан улам, мыйзам долбоору сайттарды маалымат-телекоммуникациялык тармак катары каттоону сунуштап, алардын аккредитация алуу, мамлекеттик органдарга расмий сурам менен кайрыла алуу укуктарын кеңейтүүнү карайт.

Адилет министрлиги кошумчалагандай, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердигин токтотуу жөнүндөгү маселе катуу талкууланган. Бир катар юристтер "Эмне үчүн маданият тармагы боюнча ыйгарым укуктуу орган" соттун чечими жок туруп эле, ЖМКнын ишмердигин токтотууга укук алып жатат? деген суроону кабыргасынан койгон. Азыркы "ЖМК жөнүндөгү" мыйзамда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердиги бир гана соттун чечими аркылуу токтотулат.

Адилет министрлиги сунушталган мыйзам долбоорунда маданият тармагы боюнча ыйгарым укуктуу органга ЖМКнын ишмердигин токтотууга укук берген эч кандай норма каралган эмес. Ошондой эле "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзамдын 8-беренесине ылайык, аталган документтин талаптарын бузган учурда бир гана жалпыга маалымдоо каражатынын ишмердиги токтотулбастан анын негиздөөчүсүнүн да ишмердиги токтотулат.

Бирок, жарандык сектор менен алдын ала болгон талкуунун жыйынтыгынан кийин Адилет министрлиги аталган мыйзам долбоорун азырынча кайтарып алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0