Акаев президент Атамбаевдин басма сөз катчысы болуп дайындалат

© Sputnik / Табылды КадырбековСнимок экрана странички Жанар Акаева на сайте facebook.com
Снимок экрана странички Жанар Акаева на сайте facebook.com - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн президентинин жаңы басма сөз катчысынын дайындалышы боюнча президенттин Жарлыгы чыгышы мүмкүн.

БИШКЕК, 2-фев — Sputnik. Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысына "Азаттык" радиосунун "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу, журналист Жанар Акаев дайындалышы мүмкүн. Бул туурасында Sputnik маалымат сайтына президенттин аппаратынан билдиришти. Жакын арада басма сөз катчысын дайындоо боюнча президенттин Жарлыгы чыгышы мүмкүн.

Маалыматтарга караганда, жакында Акаевди президент Алмазбек Атамбаев кабыл алган.

Жанар Акаев Алай районунда туулган. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Презденттин катчысы болуп иштеген Кадыр Токтогулов КРдин АКШдагы элчиси болуп дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0