Индира Жолдубаеванын талапкерлигин бүгүн ЖКнын эки комитети карайт

© Фото / пресс-служба ЖК КР / Ашыркул ОморовАрхив: заседание фракции СДПК
Архив: заседание фракции СДПК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокурорлукка Индира Жолдубаеваны дайындоого макулдук берүү бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык эки комитетинде каралат.

БИШКЕК, 27-янв — Sputnik. Индира Жолдубаеваны Башкы прокурорлукка дайындоого макулдук берүү маселесин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча жана Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитеттеринде каралат. Депуттарга талапкер жөнүндө баяндаманы президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарынбаев жасайт.

Өткөн аптада Башкы прокурорлукка сунушталып жаткан Индира Жолдубаеванын талапкерлигин "Республика" жана КСДП фракцияларында каралып, талапкерлигин жактырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0