Текебаев: КРдеги бардык саясый күчтөр макул болгондо гана Конституцияга өзгөртүү кириши мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековКонституция Кыргызской Республики
Конституция Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев учурда сөз болуп жаткан Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө, коалициянын таркашы жана кылмыштуу топтор менен мамилелеш болгон журналисттердин аракеттери жөнүндө суроолорго жооп берди.

БИШКЕК, 26-янв—Sputnik. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев коомдун бүйүрүн кызыткан окуялардын айланасында биздин суроолорго жооп берди. 

— Акыркы учурларда баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси көп көтөрүлүп келет. Конституциянын жаңы редакциясы боюнча ага 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизүүгө мораторий жарыяланган эле. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө муктаждык барбы?

— Азыр ушундай сөздөр болуп жатат. Бирок, өзгөртүү киргизүү боюнча чечим кабыл алына элек. 

Эгер Конституцияга өзгөртүү киргизүү тартиби жөнүндө айта турган болсок: Жогорку Кеңеш 2020-жылга чейин Конституцияга өзгөртүү киргизе албайт. Парламенттин ал укугу убактылуу чектелген. Бирок, элдин референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүү киргизүү укугу чектелген эмес. Бул жол менен Конституцияга өзгөртүү киргизилиши мүмкүн. Бирок, референдум жарыялаш да оңой эмес. Ал үчүн парламенттин үчтөн экисинин добушун алыш керек, президент да макул болуш керек. Кыргызстандагы саясый күчтөрдүн бардыгы макул болгондо гана референдум жарыяланышы мүмкүн.

— Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция бир нече жолу таркатылып кайта түзүлдү. Дагы да таркатылышы мүмкүн деген кептер айтылууда. Коалициядагы фракциялардын кызыкчылыктары дал келбегендиктен ушундай болуп жатабы?

— Олуттуу бир чоң маселелерди пикир келишпестиктер болушу мүмкүн.Чечилбеген маселени чечүүнүн ыкмасы катары коалиция тарашы мүмкүн. Бирок, учурда андай кырдаал жок деп эсептейм. "Ата Мекен" партиясы коалициянын тарашынын шарттарын бүгүн көрбөйт. Биздин демилге менен жакында тарашы мүмкүн эмес.

— Кылмыштуу топтор менен тыгыз байланышып алардын талабын жактаган журналисттердин кара тизмесин түзүш керек дедиңиз эле. Ушундай жол менен аларды ооздуктоого болобу?

— Мамлекеттик чоң кызмат адамдары, мамлекеттик институттар андай кара тизмени өзүнчө түзүш керек. Мисалы, сот же прокурор райондун белгилүү кылмышкери же паракору менен дос болуп, тойдо чогуу жүрүп, үймө-үй катташпашы керек. Эми бул турган иш. Бүткүл дүйнөдө мындай кадам айыпталат.

Белгилүү кылмышкердин жактоочусу, идеологу болуп, аны жашырбай ачык мактап жүргөн журналисттерди, мисалы, Ички иштер министрлигинин 90 жылдыгына чакырып, аларга сыйлык бербеш керек. Анда мамлекеттик саясаттын эки жүздүүлүгү болот. Мамлекеттин кылмышка каршы күрөш жарыялаганы жалган болуп чыгат. Мисалы, "Тайванчикти" же "Япончикти" мактаган журналисттер менен Россиянын ички иштер министри бир дасторкондо отуруп, ага сыйлык бербейт да. Бул кылмышкерлердин достору менен Россинын саясый партиясынын лидерлери же министрлери чогуу бир дасторкондо отуруп, достошуп мамиле түзбөйт да.

Мына жакында бир жигит жазып атат, "мен аялым менен кеңешип, баламдын атын Алмамбет койдум, Анапиявге окшоп кыргыз элине кызмат кылсын" деп. Адатта, бала төрөлгөндө жакшы ниет менен ат коёт. Аны кыргыздар "ниетиң аткарылсын" деп жакшыга жоруйт. Мен ошол жазган балага мындай деп айтат элем: Тилегиңди таш капсын, балаң кылмышкер болбосун, ак эмгеги менен кызмат кылган, кыргыз элине кереги тийген адам болсун. Мейли миллионер болбосун, мейли айылына спорт зал курбасын, бирок ак мээнети менен жашаган, бирөөнүн бир тыйынын албаган, керек болсо, өзүнөн алып башкага берген, жакшы адам деген ыйык наамга татыктуу болуп чоңойсун. Биз ак менен кара, жаман менен жакшыны айырмалай албай калдык.

Жаңылыктар түрмөгү
0