Текебаев: Индира Жолдубаеванын талапкерлигин парламентте колдойбуз

© Фото / пресс-служба ЖК КР / Ашыркул ОморовАрхив: Индира Жолдубаева
Архив: Индира Жолдубаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өмүрбек Текебаев башкы прокурорлукка президент тарабынан көрсөтүлүп жаткан Индира Жолдубаеванын талапкерлигин ЖК да колдооруна ишеним артып турат.

БИШКЕК, 26-янв — Sputnik. Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан башкы прокурорлукка сунушталып жаткан Индира Жолдубаеванын талапкерлигин Жогорку Кеңеш колдоп берет деп ишене турганын "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Sputnik сайтына берген маеги учурунда белгиледи.

"Башкы прокурорлукка көрсөтүлүп жаткан талапкерди президент аныктайт. Ал жөн гана аныктабастан, алдыга койгон маселелерди түшүнгөн, ошону аткарып кете ала турган, потенциалы бар талапкерди тандаганга аракет кылат. Албетте, президенттин тандоосун биз сыйлайбыз жана Жогорку Кеңеште колдоп беребиз деген оюбуз бар", — деди ал.

Аида Салянова өз ыктыяры менен ээлеген кызматынан кеткенден кийин, өлкө президенти Алмазбек Атамбаев башкы прокурорлукка Индира Жолдубаеванын талапкерлигин сунуштаган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0