22:11 01 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7585
  • EUR100.8923
  • RUB1.1589
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
54 0 0

КСДП фракциясынын депутаты Гүлнара Жамгырчиева КР Акыйкатчысынын орун басарлыгына жактырылды.

БИШКЕК, 21-янв — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында КСДП фракциясынын депутаты Гүлнара Жамгырчиеваны Кыргызстандын Акыйкатчысынын орун басарлыгына жактырды.

КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков Жамгырчиеванын талапкерлигин колдоо үчүн эл өкүлдөрүнө кайрылды.

"Гүлнара Жамгырчиева бул тармакты ичинен жакшы түшүнгөн киши. Андыктан талапкерлигин колдойлу", — деди депутат.

Жогорку Кеңештеги Адам укуктары конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин Гүлнара Жамгырчиеваны КР Акыйкатчысынын орун басарлыгына дайындоо жөнүндөгү чечимин 79 депутат колдоого алып, ал Акыйкатчынын орун басарлыгына жактарылды.

Добуш берүү электрондук жабык түрдө өттү. 

Буга чейин Жамгырчиеванын талапкерлигин КСДП фракциясы жактырылган болчу.

Тема боюнча

Депутат Акыйкатчынын орун басарлык кызматына кетмей болду
Белгилер:
Гүлнара Жамгырчиева, Исмаил Исаков, Акыйкатчы, Жогорку Кеңеш

ЭҢ МААНИЛҮҮ