УБ жөнүндөгү мыйзам Бажы биримдигинин талаптарына шайкеш келтирилүүдө

Жазылуу
Бажы биримдигине кирген мамлекеттердин мыйзамдарына шайкеш келиши үчүн Улуттук банк туурасындагы мыйзамга толуктоолор киргизилүүдө.

БИШКЕК, 16-дек — Sputnik. Жогорку Кеӊештин КСДП, "Ар-Намыс" фракцияларында депутат Марат Султанов демилгелеп алып чыккан Улуттук банк боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизген мыйзам долбоору каралды. Аталган комитеттердин талкуусунан өткөндөн кийин, ал парламенттин кароосунда үч окууга дароо эле алынып чыгылмай болду. 

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов улуттук мыйзам жоболору Бажы биримдигине кирген мамлекеттердин мыйзамдарына шайкеш келтирилип жаткандыгын айтты. 

"Иштеп жаткан мыйзамга ылайык, Улуттук банк тарабынан сырттан ташылып келинген валюталар менен жабдууларга атайын алымдар менен жыйымдар алынууга тийиш. Бирок, парламенттин тармактык комитетинин атайын чечими аркылуу алардан бошотулуп келген. Мына ушул талапты азыр мыйзамдын өзүнө киргизүү сунушталууда. Бажы биримдигинин талабы да ушундай", — деди Улуттук банктын төрагасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0