КР авиация, аскердик техникаларды, абадан кол салуудан коргонуу жабдыктарын алат

Жазылуу
Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси белгилегендей, Россиядан келе турчу аскер техникалары бул жааттагы жардам берүү алкагында келет. Биринчи транш менен Кыргызстан зооттолгон танка техникаларын жана артиллериялык куралдардын керектелчү тетиктерин жана 600 тоннадан ашык артиллериялык ок-дарыларды алды.

БИШКЕК, 14-янв — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси генерал-майор Асанбек Алымкожоев Россиядан алынып келип жаткан курал-жарактар тууралуу айтып берди.

Башкы штабдын жетекчиси курал-жаракты алып келүү Кыргызстан менен Россиянын президенттеринин өлкөгө аскердик-техникалык жардам берүү боюнча сүйлөшүүсүнүн алкагында ишке ашып жатканын белгиледи.

"Биринчи траншты 2014-жылы аталган келишимдин алкагында алганбыз. Негизинен, зооттолгон танка техникалары менен артиллериялык куралдарга керектелчү тетиктер жана 600 тоннадан ашык артиллериялык ок-дарылар алынып келүүдө. Ошондой эле, сактоо мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды жок кылуучу чакан мобилдүү завод алдык. Жакында эле полигондук жабдуулар келди", — деди Алымкулов.

Учурда жумушчу топ орус тарап менен кайсыл куралдарды алып келүүнү, алардын санын жана күнүн тактап, кеңешүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

"Биз 20-25 жылга чейин колдоно турган жаңы техникаларды алууну каалайбыз. Бирок, бардыгы курал жасаган заводдорго байланыштуу. Аларда да бош техникалар азырынча жок. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата өтө турган парадга чейин бизди техника менен камсыздоого бардык аракеттер көрүлөт", — деп Алымкулов баса белгиледи.

Башкы штабдын жетекчисинин айтымында, 2017-жылга чейин учак менен тик учактарды алуу пландалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0