Эл депутаттарга стратегиялык объектилерге иш билги кадрларды дайындоону айтышты

© Фото / Азамат АралбаевЖогорку Кенеш
Жогорку Кенеш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл шайлоочулар менен келген депутаттарга кадрдык дайындоодо иш билги кадрларга басым жасоо зарылдыгын айтышты.

БИШКЕК, 8-янв — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары бул күндөрү республика аймактарында шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп жатат. Бул туурасында ЖКнын маалымат кызматы билдирди. 

КСДП фракциясынын депутаттары Токтогул Туманов, Нурбек Касымбеков Майлуу-Суу шаарында, Ноокен, Базар-Коргон райондоруна жергиликтүү тургундар менен жолугушканда, эл аларга бир топ талаптарды коюшту. 

Майлуусуулуктар эл өкүлдөрүнө экологиялык жактан булганган шаар катары кошумча төлөмдөр менен камсыздоо маселесин кабыргасынан коюшту. 

Аталган шаардын тургундары экологиялык жактан булганган аймак катары кошумча төлөмдөрдөрдүн зарылдыгын айтышты. Жол, таза суу сыяктуу көйгөлөрдү көтөрүп, лампа заводун жаңы жабдыктар менен камсыз кылуу, стратегиялык объектилерге иш билги кадрларды дайындоону сунушташты. 

Базар-Коргондогу жолугушууда райондук архив 2010-жылы өрттөнүп, документтер күйүп кеткендиктен, пенсияга аз акча менен чыгып жаткандыктарына нааразы болушуп, маселенин ыңгайлуу жолун табууну суранышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0