Баткен облусунун Исфана шаарынын мэрлигине Мухтар Анарботоев шайланды

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүДепутаты Госдумы РФ
Депутаты Госдумы РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Исфана шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер Мухтар Анарботоев мэр болуп шайланды.

БИШКЕК, 6-янв — Sputnik. Баткен облусундагы Исфана шаарынын мэри болуп Мухтар Анарботоев шайланганын Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Балыкчы шаарынын мэри болуп Марат Турдубаев шайланды
Маалыматка ылайык, шайлоого бир гана талапкер – Мухтар Анарботоев катышкан. Анын талапкерлиги үчүн шаардык кеңештеги 29 депутаттын 27си колдоп, бир бюллетень жараксыз деп табылган.

Исфана шаарынын мурдагы мэри Ташполот Козубаев 2014-жылдын 12-декабрында премьер-министрдин буйругу менен кызматтан алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0