Балыкчы шаарынын мэри болуп Марат Турдубаев шайланды

© Фото / kudinov_dmАрхив: Балыкчы шаары
Архив: Балыкчы шаары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Марат Турдубаев үч талапкердин ичинен эң көп добуш алып, Балыкчы шаарынын мэри болуп шайланды.

БИШКЕК, 6-янв — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри болуп Марат Турдубаев шайланганын Sputnik сайтына Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы Күлүмкан Орузбаева билдирди.

Анын айтымында, мэрликке талапкер болгондордун ичинен Марат Турдубаев эң көп добуш алган.

"Мэрди шайлоого шаардык кеңештеги 31 депутаттын 30у катышып, Марат Турдубаевге 17 депутат добушун берди. Башка талапкерлер: Алмаз Сагынбеков – 6, Данияр Бекбашев – 7 добуш алды. Добуш берүү жашыруун өттү", — деди ал.

Балыкчы шаарынын депутаты кармалды
Балыкчы шаарынын мурдагы мэри Мирлан Бообеков 11-декабрда кызматтан алынган болчу. Анын ордуна мэр болууну каалаган үч киши өз талапкерлигин койгон.

Шайлоонун жыйынтыгында эң көп добуш алган Марат Турдубаев 30 жылдан ашык Балыкчы шаарындагы темир-бетон продукцияларын чыгаруучу "Каухар-Таш" заводунда 30 жылдан ашык эмгектенген.

Балыкчы шаарынын мэрлигине Марат Турдубаев 3 күн аралыгында өкмөттүн атайын токтому менен бекитилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0