Жогорку Кеңеште депутат Нурбек Касымбеков ант берди

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүДепутаты Госдумы РФ
Депутаты Госдумы РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дамира Ниязалиеванын ордуна президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын катчысы Касымбеков депутат болуп келди.

БИШКЕК, 30-дек — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП партиясынан шайланган Нурбек Касымбеков ант берди.

Тиешелүү мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты ант берген күндөн тартып, расмий депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришет.

Депутат Нурбек Касымбеков КР вице-премьер-министри болуп кеткен Дамира Ниязалиеванын ордуна келди.

Буга чейин Нурбек Касымбеков президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын катчылыгында жооптуу катчы болуп иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0