Өзүнчө топ түзүп кеткен депутаттарга фракция фондусунан каражат бөлүнбөйт

© Фото / пресс-служба ЖК КРЗал заседаний Жогорку кенеш
Зал заседаний Жогорку кенеш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фракциялардан чыгып, өзүнчө болгон депутаттык топтор эми фракциянын фондусунан каражат ала албайт.

БИШКЕК, 31-дек — Sputnik. Фракциялар депутаттык топторго өз фондусунан каражат бөлүп бербейт. Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитети шейшембиде ушундай чечим кабыл алды. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жыйында депутаттын, фракциялардын, комитеттердин жана депутаттык топтордун фонддору жөнүндө жобого киргизилип жаткан өзгөртүүлөр талкууланып, анда фракциялар өз фондунан депутаттык топторго каражат бөлбөй тургандыгы сунушталды.

Комитет жетекчиси Айнуру Алтыбаева азыркы регламент боюнча, эгер депутаттар фракциядан чыгып же депутаттык топторго биригишсе анда, аларга фракциянын фондунан каражат бөлүнөрүн айтты. Депутат Максат Сабиров бул ченемди алып таштоону сунуштады.

Комитет мүчөлөрү депутаттык топтор фракциялардан тышкары түзүлө албай тургандыгын айтышып, жобого киргизилип жаткан сунушту колдоого алышты. Белгилей кетсек, мурда Конституциялык палата Жогорку Кеңеште фракциядан тыш депутаттык топтордун болуу мүмкүнчүлүгү жоктугу жөнүндө чечим кабыл алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0