КСДП фракциясы жаңы депутат менен толукталды

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүАрхив: портфель
Архив: портфель - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дамира Ниязалиеванын ордуна парламентке Нурбек Касымбеков келди.

БИШКЕК, 30-дек — Sputnik. Вице-премьер-министрлик кызматка кеткен Дамира Ниязалиеванын ордуна депутат болуп Нурбек Касымбеков келди. Тизме боюнча парламентке келчү кезектеги талапкерге депутаттык мандат дүйшөмбү күнү БШКда тапшырылды. 

Нурбек Касымбеков экономист жана юрист адистигине ээ. Мамлекеттик кызматтарда, андан кийин жарандык уюмдарда иштеген. "Бейөкмөт уюмдарды колдоону координациялоочу борбор" деп аталган коомдук фонддун юристи кызматында иштеген. 

КТРКнын Байкоочулар кеңешинин мүчөсү болгон. 2011-жылы КР президентинин жарлыгы менен "Апрель элдик революциясынын баатыры" төш белгиси менен сыйланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0