Айбек Азыранкулов Эмгек, миграция жана жаштар министри болуп дайындалды

© Фото / пресс-служба ЖК КРАйбек Азыранкулов
Айбек Азыранкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй облусунун мурдагы губарнатору Айбек Азыранкуловду президент Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине дайындады.

БИШКЕК, 27-дек — Sputnik. Айбек Азыранкулов КР Эмгек, миграция жана жаштар министри болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жума күнү президент Алмазбек Атамбаев бул дайындоо боюнча Жарлыкка кол койду. 

Айбек Азыранкуловду ЖКдагы КСДП фракциясы өткөн аптанын жума күнүндө Эмгек, миграция жана жаштар министри кызматына көрсөтүп, көп өтпөй Жогорку Кеңеш анын талапкерлигин жактырган

Ал 2010 – 2014-жылдары чейин өкмөттүн Чүй обулусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп иштеген, КСДП партиясынын мүчөсү. 


Жаңылыктар түрмөгү
0