КР жарандары РФке паспорттун эки түрү менен кирип, чыга алышат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын паспорту
Кыргыз Республикасынын паспорту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2015-жылдан тарта биздин мекендештердин Россияга катташы жеңилдеп, эми аларга чет элдик паспорт талап кылынбай калды.

БИШКЕК, 26-дек — Sputnik. Кыргызстандын жарандары Жаңы жылдан тарта Россияга ички паспорт (ID-card) жана эл аралык паспорттор менен кире алышат. Бул туурасында КРдин Москвадагы элчилигинен билдиришти. 

Бул боюнча РФ ТИМинин нотасы КРдин Москвадагы элчилигине бейшемби күнү, 25-декабрда келип түшкөн. 

Кыргызстандын жарандары Россияга 2015-жылдын 1-январынан тарта, паспорттун эки түрү — ички паспорт (ID-card) жана эл аралык паспорттор менен кирип, чыга алышат. 

Жашы жете элек балдарды алып кирип же чыгып бара жатканда баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана КРдин жарандыгы экендиги туурасында тастыктамасы болушу зарыл. 

Россиянын жарандарынын Кыргызстанга кирип, чыгышы өзгөртүүсүз калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0