Парламент вице-премьер-министрликке Дамира Ниязалиеванын талапкерлигин жактырды

© РИА Новости / Аврора . пресс-служба ЖК КРДамира Ниязалиева
Дамира Ниязалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттары вице-премьер-министрликке Дамира Ниязалиеванын талапкерлигин жактырды.

БИШКЕК, 24-дек — Sputnik. Жогорку Кеңеш вице-премьер-министрликке Дамира Ниязалиеванын талапкерлигин жактырды. Мындай чечим парламенттин пленардык жыйынында кабыл алынды. Жыйынга катышкан 80 депутат бир добуштан анын талапкерлигин колдоду.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Ниязалиеваны жаңы кызмат орду менен куттуктап, анын бул тармактагы тажрыйбасын баса белгиледи.

Белгилей, кетсек, Дамира Ниязалиеваны бул кызмат ордуна КСДП фракциясы көрсөткөн.  Анын талапкерлигин парламенттин социалдык саясат боюнча комитети өз жыйынында колдогон эле

Жаңылыктар түрмөгү
0