КСДП фракциясы Айбек Азыранкуловду эмгек министри кызматына көрсөттү

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүДом Правительства РФ
Дом Правительства РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясы эмгек, миграция жана жаштар министри кызматына партиянын катарындагы Айбек Азыранкуловду көрсөттү.

БИШКЕК, 19-дек — Sputnik. КСДП фракциясы эмгек, миграция жана жаштар министри кызматына Айбек Азыранкуловдун талапкерлигин көрсөткөнүн депутат Эркин Сакебаев Sputnik сайтына билдирди.

Архив: Данияр Тербишалиев - Sputnik Кыргызстан
Данияр Тербишалиев министрлик кызматтан баш тартты
Анын айтымында, жыйынга 18 депутат катышып, алар бир добуштан Азыранкуловдун талапкерлигин колдошкон.

Айбек Азыранкулов буга чейин өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп иштеген. Учурда эч жерде иштебейт жана КСДП партиясынын катарында турат.

Жума, 12-декабрда президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов ээлеген кызмат ордунан бошотулган.

КСДП фракциясы бул министрлик орунга Ирина Карамушкина менен Данияр Тербишалиевду сунушташкан, бирок алар баш тартышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0