ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин отуруму Москвада өтөт

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүАрхив: ЖККУнун жогорку деңгээлдеги жамааттык коопсуздук кеңеши
Архив: ЖККУнун жогорку деңгээлдеги жамааттык коопсуздук кеңеши - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Отурумда ЖККУ алкагында тышкы саясый мамилелерди жакшыртуу маселелери, аскердик жана аскердик-экономикалык тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүү, терроризмге каршы күрөшүү маселелери, о.э. баңгиликке каршы стратегия талкууланат.

БИШКЕК, 16-дек — Sputnik. ЖККУнун жогорку деңгээлдеги жамааттык коопсуздук кеңеши 23-декабрда Москвада чогуларын билдирет РИА Новости уюмдун сайтына таянып.

Ага чейин, 22-декабрда борбор шаарда ТИМ башчыларынын, коргоо министрликтеринин жана уюмдун коопсуздук кеңештеринин комитет отуруму өтөт. 

«Тышкы саясый жана коргонуу ведомстволорунун башчылары, коопсуздук кеңештеринин катчылары 23-декабрда Москвада болор ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин отурумунун күн тартибин жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө уюмдун глобалдуу, о.э. аймактык коопсуздук сыноолоруна карата кризистик чара көрүү системасынын абалын талкуулашат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле отурумда ЖККУ алкагында тышкы саясый мамилелерди жакшыртуу маселелери, аскердик жана аскердик-экономикалык тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүү, терроризмге каршы күрөшүү маселелери менен баңгиликке каршы стратегия талкууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0