Атамбаевдин Сауд Аравиясына расмий иш сапары аяктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАрхив: Алмазбек Атамбаевдин Сауд Аравия Королдугуна болгон расмий сапары
Архив: Алмазбек Атамбаевдин Сауд Аравия Королдугуна болгон расмий сапары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Атамбаевдин Сауд Аравиясындагы расмий сапары аягына чыгып, жыйынтыгында кызматташуу боюнча бир нече документтерге кол коюлду.

БИШКЕК, 4-дек — Sputnik. Президент Атамбаевдин Сауд Аравиясындагы расмий сапары аягына чыкты. Бул туурасында президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Президент Атамбаев Сауд Аравиясынын Королу менен жолукту
Жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын жана Сауд Аравия Королдугунун Өкмөттөрүнүн ортосундагы кош салык салуудан баш тартуу жөнүндө, эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн ортосунда аба байланышы жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Ага кошумча, Ислам өнүктүрүү банкы 10 миллион доллар баасындагы мобилдүү беш клиниканы акысыз бере турган болду. 

КРдин Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) менен кызматташтыгын арттыруунун мындан аркы келечеги каралды. Тараптар Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун абалын талкуулап, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында ишке ашырылчу бир катар жаңы долбоорлорду белгилешти.

ИӨБ башчысы Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусунда Кыргызстанга жаңы бирлегешкен стратегиялык долбоорлорду изилдөө үчүн атайын миссия жөнөтөөрүн кабарлады.

Мындан сырткары, аталган банк менен биргеликте Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында ишке ашырылчу бир катар жаңы долбоорлор белгиленди.

Иш сапар учурунда мамлекет башчысы Эр-Рияд шаарынын дипломатиялык шаарчасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имараты курула турган жердеги стелланы салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0