Алмазбек Атамбаев Сауд Аравиясынын Мураскор Ханзаадасы менен жолукту

Алмазбек Атамбаев Сауд Аравиясынын Мураскор Ханзаадасы менен жолукту
Алмазбек Атамбаев Сауд Аравиясынын Мураскор Ханзаадасы менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Атамбаев расмий сапарынын алкагында шейшембиде Сауд Аравия Королдугунда болуп, Мураскор Ханзаада Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд менен жолукту.

БИШКЕК, 3-дек — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев шейшембиде Сауд Аравия Королдугуна болгон расмий сапарынын алкагында Мураскор Ханзаада Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд менен жолугушту. Бул туурасында президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Президент Атамбаев декабрдын башында Араб мамлекеттерине барат
Расмий иш сапардын алкагында Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын өкмөттөрүнүн ортосундагы кош салык салуудан баш тартуу тууралуу жана эки өлкөнүн ортосунда аба байланышы жөнүндөгү макулдашууларга кол коюлду.

Мураскор Ханзаада Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд Атамбаевди кабыл алып жатып, Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы өз ара мамилелерди активдештирүүнүн зарылдыгын айтты. 

Жолугушууда эки өлкөнүн жетекчилеринин ортосунда ырааттуу саясий байланыш түзүүнүн жана соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты арттыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Эки өлкөнүн жетекчилери Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын өкмөттөрүнүн ортосундагы өз ара иштешүүнүн зарылдыгын белгилеп, анын жол-жоболору боюнча пикир алмашты. Ошондой эле экономика жана инвестиция чөйрөлөрүндөгү өз ара мамиле активдешсе, кызматташуунун зор мүмкүнчүлүктөрү бар экендиги да айтылды. 

Президент Алмазбек Атамбаев Сауд Аравия Королдугуна болгон Кыргызстандын тарыхындагы жогорку деңгээлдеги биринчи иш сапарын жасады. Мамлекет башчысы ага улай эле Бириккен Араб Эмираттарына жана Катар мамлекетине да барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0