Жоомарт Оторбаев менен Валентина Матвиенко жолугушту

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЖоомарт Оторбаев жана Валентина Матвиенко эки тараптуу кызматташуу абалын жана келечегин талкуулады
Жоомарт Оторбаев жана Валентина Матвиенко эки тараптуу кызматташуу абалын жана келечегин талкуулады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык коомдоштугуна кирүү аракеттерин колдоого алат.

Оторбаев ББга кирүү боюнча даярдыкты декабрга чейин аяктоону сунуштады
БИШКЕК, 2-дек — Sputnik. Дүйшөмбүдө Россиянын Москва шаарында жумушчу сапар менен жүргөн КР премьер-министри Жоомарт Оторбаев Россия Федерациясынын Федералдык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жоомарт Оторбаев Россия менен жигердүү саясый баарлашууну өнүктүрүү жана улантуу үчүн шарттарды түзүү, эки тараптуу кызматташуу институттарын жана механизмдерин жакшыртуу, эки өлкө жетекчилиги ортосундагы түзүлгөн ишенимдүү мамилелерди колдоого алуу зарылдыгын белгиледи.

"Эки өлкө ортосундагы мамилелер ырааттуу түрдө өнүгүүдө. Россия өткөн жылы товар жүгүртүү көлөмү боюнча алдыңкы орунда туруп, Кыргызстандын негизги соода шериги болуп саналат. Буга карабастан, биз соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу көлөмүн өнүктүрүүбүз зарыл", — деди ал.

Валентина Матвиенко Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык шериктештигине кирүүсү боюнча аракеттерин колдоого алаарын билдирди.

"Россия Федерациясы менен Кыргызстандын мамилелери өз-ара пайдалуу жана ал узак мөөнөткө каралган. Биз бардык багыттар боюнча өз-ара кызматташууну, анын ичинде, интеграциялык шериктештик өлкөлөрүнүн мыйзамдык базасын ыраатташтыруу максатында парламент аралык кызматташууну өнүктүрүүбүз зарыл", — деп Валентина Матвиенко белгиледи.

Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Россиялык соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөт аралык комиссиянын ишин активдештирүүнүн жана мурдагы макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0