Атамбаевдин бийликке келгенине үч жыл толду

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев / Медиабанкка өтүүАрхив: Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбека Атамбаевдын инаугурациясы
Архив: Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбека Атамбаевдын инаугурациясы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн төртүнчү президенти Алмазбек Атамбаев өлкө парламенттик-президенттик башкаруу системасына өткөндөн кийин президент болуп шайланган.

БИШКЕК, 1-дек — Sputnik. Мындан туура 3 жыл мурда, тактап айтканда, 2011-жылдын 1-декабрында учурдагы президент Алмазбек Атамбаев өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаевадан бийликти расмий түрдө өткөрүп алып, ант берген. Өлкөнүн 4-президенти алгачкы эки президенттен айырмаланып, бийликти расмий түрдө өткөрүп алган биринчи президент.

2011-жылдын күзүндө болгон президенттик шайлоо – өлкө парламенттик-президенттик башкаруу системасына өткөндөн кийинки жаңы Конституция менен өткөн шайлоо болуп саналат. Баш мыйзам боюнча президент 6 жылдык мөөнөткө шайланат.

Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылында 1956-жылдын 17-сентябрында төрөлгөн.

1980-жылы Москва башкаруу институтун инженер-экономист, өндүрүштү башкарууну уюштуруучу адистиги боюнча аяктаган.

1999-жылы "Даңк" медалы, ал эми 2007-жылы "Данакер" ордени менен сыйланган. Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чини бар.

2006-2007 — Кыргыз Республикасынын премьер-министри

2007-2010 – Активдүү коомдук-саясий ишмердүүлүк менен алектенген 

2010-жыл, апрель-июнь — Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары

2010-жыл ноябрь-декабрь — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, КСДП фракциясынын лидери

2010-жылдын 20-декабрынан баштап — Кыргыз Республикасынын премьер-министри

2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланган.

2011-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына расмий киришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0