Оторбаев Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлү Гошин менен жолукту

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЖоомарт Оторбаев Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташуусу боюнча коллегия мүчөсү Владимир Гошин менен жолукту.
Жоомарт Оторбаев Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташуусу боюнча коллегия мүчөсү Владимир Гошин менен жолукту. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташуусу боюнча коллегия мүчөсү Владимир Гошин менен жолукту.

БИШКЕК, 29-ноя — Sputnik. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жоомарт Оторбаев жума күнү Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) бажы кызматташуусу боюнча коллегия мүчөсү Владимир Гошин менен жолугушту. Бул туурасында өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 

Жоомарт Оторбаев комиссия мүчөлөрүнө Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка (БЭА) кошулуусу боюнча чечимин колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Баарлашуу учурунда тараптар КРдин Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу жөнүндө келишимдерди ишке ашыруунун бир катар актуалдуу аспектилери боюнча пикир алмашты.

Тактап айтканда, сөз мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрүү пункттарын Бирдиктүү экономикалык аймак өлкөлөрүндө талап кылынган ченемдерге ылайык келтирүү зарылдыгы тууралуу жүрдү. Көлөмдүү салмак өлчөгүчтөрдү, видеокөзөмөлдү орнотуу, маалыматтык камсыздоо, жүк агымын жана аны администрациялоонун эсепке алынышы боюнча сөз болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0