Дмитрий Медведев 1-декабрда Жоомарт Оторбаев менен жолугат

© Sputnik / Медиабанкка өтүүАрхив: Дмитрий Медведев жана Жоомарт Оторбаев "Горки" резиденциясындагы жолугушууда.
Архив: Дмитрий Медведев жана Жоомарт Оторбаев Горки резиденциясындагы жолугушууда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия менен Кыргызстандын өкмөт башчыларынын жолугушуусунда негизинен экономика, отун-энергетика жана башка тармактагы эки тараптуу кызматташуулар каралмакчы.

БИШКЕК, 28-ноя – Sputnik. Россия Федерациясынын өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев 1-декабрда Москва шаарында Кыргызстандын өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев менен жолуга турганын Россиянын өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдаганын РИА Новости билдирди.

"Эки мамлекеттин өкмөт башчылары экономика, отун-энергетикасы, өнөр-жай, транспорт, финансы жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуу боюнча маселелерди талкуулашат", — деп айтылат билдирүүдө.

Оторбаев ББга кирүү боюнча даярдыкты декабрга чейин аяктоону сунуштады
Премьер-министрлер Кыргызстандын Евразиялык экономикалык интеграциясына кирүү маселесин да сүйлөшүшөт.

2-декабрда Москвада премьер-министр Жоомарт Оторбаев орус-кыргыз соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишине катышуусу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0