Текебаев: ЕБнын демократия стандарттары терс натыйжа берүүдө

© Фото / Пресс-служба ЖК КРАрхив: Ата Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев
Архив: Ата Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвада Мамдума уюштурган конференцияда ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев түстүү революциялар радикалдуу күчтөрдүн таасирин жаратып жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 25-ноя — Sputnik. ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев түстүү революциялар, "араб жазы" анархиянын, радикалдуу күчтөрдүн таасирин жаратып жаткандыгын РФ Мамлекеттик Думасынын Федералдык жыйыны уюштурган конференцияда айтты. Бул туурасында «Ата Мекен» фракциясынын катчылыгы билдирди.

Текебаев Москва шаарында «Европадагы ишеним каатчылыгын жоюу жолдору» деп аталган эл аралык конференцияда сүйлөп жатып, Европа биримдиги киргизип жаткан стандарттары ийгиликсиз болуп жаткандыгын белгиледи.

"Европа биримдигинин саясий, экономикалык, аскерий усулдар аркылуу демократиянын европалык стандарттарын киргизүү аракети таптакыр тескери натыйжаларга алып келерин көрүп турабыз", — деди депутат Текебаев.

Акыркы учурда дүйнөнү тескери жакка өзгөртүп жаткан ыңкылаптар синдрому башаламандыкка, радикализмге жетелеп жаткандыгын билдирди.

"Араб жазы" анархияга, радикалдуу агымдардын таасиринин өсүшүнө алып келди. Түстүү ыңкылаптардан алчу сабак авторитаризмден демократияга өтүүдө коомдук-саясий институттарды алдын ала өнүктүрүү зарылдыгы турат. Даярдыксыз, камылгаларсыз режимди кескин алмаштыруу кыйла кесепеттер менен коштоло турган авантюра болуп саналат. Жакынкы Чыгышта болгон окуялар анын акыры кандай болорун таасын көрсөттү", — деди депутат.

 Бул эл аралык конференцияга Мамлекеттик Думанын Төрагасы Сергей Нарышкин, КМШ жана Европа парламентчилери менен эксперттик жамааттардын өкүлдөрү катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0