Жоомарт Оторбаев Түркмөнстандын президенти менен жолукту

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАрхив: Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жоомарт Оторбаев Ашхабад шаарына иш сапар менен келди.
Архив: Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жоомарт Оторбаев Ашхабад шаарына иш сапар менен келди. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармакта кызматташууну арттыруу боюнча сүйлөштү.

Кыргызстан: жарыкты өчүрүшүбүз же импорт кылышыбыз керек
БИШКЕК, 21-ноя — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев бейшембиде Ашхабад шаарында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушуу маалында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттарда кызматташууну арттыруу талкууланды.

Оторбаев билдиргендей, 2014-жылдын 7 айында эки мамлекет ортосундагы соода жүгүртүү 5,6 миллион долларга жеткен. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 70%га өскөн.

"Биз отун-энергетикалык тармактагы кызматташуунун кеңейишине, транспорттук-транзиттик жааттагы өз ара алакаларды жакшыртып, гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдарбыз", — деди Оторбаев.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ноябрь айынын башында Алмазбек Атамбаевдин Ашхабадга болгон расмий иш сапары маалында бир катар келишимдерге жетишилгенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Атамбаевдин Түркмөнстанга расмий иш сапары маалында  энергетика тармагында кызматташуу маселеси да талкууланган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0