Атамбаев Тажикстандын премьер-министрин кабыл алды

Жазылуу
Президент Тажикстандын өкмөт башчысына чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерди тездетип аягына чыгаруу зарылчылыгын да айтты.

БИШКЕК, 14 ноя — Sputnik. Бүгүн КР президенти Алмазбек Атамбаев өлкөбүзгө расмий сапар менен келген Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзоданы кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө түрдүү тармактардагы кыргыз-тажик кызматташуусунун актуалдуу маселелери, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан чөйрөлөрдө мындан ары иштешүүнүн келечек максаттары талкууланды.

Мамлекет башчысы канатташ чек аранын коопсуздугун биргелешип камсыз кылуу жана мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерди тездетип аягына чыгаруу зарылчылыгын баса белгиледи.

Алмазбек Атамбаев менен Кохир Расулзода эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн, өлкөлөр ортосундагы экономикалык, анын ичинде энергетика жана транспорт тармагында байланыштарды чыңдоонун маанисин белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0