Тажикстандын премьер-министри расмий сапар менен Бишкекке келет

© Sputnik / Игорь Михалев / Медиабанкка өтүүНа улицах города
На улицах города - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын расмий сапарында суу-энергетикалык, соода-экономикалык маселелерди талкуулашат.

БИШКЕК, 14-ноя — Sputnik. Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода расмий сапары менен Бишкекке бүгүн, жума күнү келет. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын расмий сапары КР премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин чакыруусу менен болууда.

Сапардын жүрүшүндө экономикалык шериктештикти чыңдоо жана өнүктүрүү, суу-энергетикалык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу жаатындагы өз-ара кызматташууну активдештирүү талкууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0