Спикер Асылбек Жээнбеков президент Владимир Путин менен жолукту

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүАрхив: Асылбек Жээнбеков
Архив: Асылбек Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков президент Путин менен суу-энергетика тармагындагы бирдиктүү стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн сүйлөштү

БИШКЕК, 8-ноя — Спутник Кыргызстан. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери менен биргеликте Москвада Россия Федерациясынын президенти, ЖККУнун Кеңешинин төрагасы Владимир Путин менен жолугушту.

Асылбек Жээнбеков менен Сергей Нарышкин Москвада жолукту
Жолугушуу Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин жыйынынын алкагында өттү деп билдирди ЖКнын басма сөз кызматы.

Төрага Жээнбеков акыркы жылдары сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлгөн Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамлекеттер жана парламенттер аралык кызматташуунун кадыресе өнүгүп жаткандыгын айтты. Ал суу-энергетика тармагындагы бирдиктүү стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары ЖККУ ПА Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгын талкуулап, коопсуздукка байланышкан актуалдуу маселелердин тегерегинде пикир алышты. Ошондой эле ЖККУ ПАнын алкагында кызматташууну бекемдөө жаатында ой бөлүшүүлөр жүрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0