Путин ЕврАзЭСте чукул кырдаалга тергөө жасоо ратификациясын жактырды

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүАрхив: Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин.
Архив: Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Макулдашуу ЕврАзЭШ өлкөлөрүнүн аталган шериктешке кирчү башка өлкөсүнүн аймагында иштеп жаткан жарандары менен өндүрүштө болгон кырсыктарды тергөөгө байланышкан суроолорду жөнгө салат. Бул келишим ЕврАзЭШ өлкөлөрү үчүн күчкө ээ болот.

БИШКЕК, 5-ноя — Спутник Кыргызстан. РФ президенти Владимир Путин Евразиялык экономикалык шериктештик (ЕврАзЭШ) өлкөлөрүндө өндүрүштө болгон кырсыктарга тергөө жүргүзүү тартиби тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Тийиштүү документ укуктук маалыматтын расмий порталында шаршемби күнү жайгаштырылган. Бул туурасында РИА Новости билдирди

Макулдашууга 2013-жылы 31-майда Евразиялык экономикалык шериктештиктин Мамлекеттер аралык кеңешинин отурумунда өкмөт башчыларынын деңгээлинде кол коюлган.

Макулдашуу ЕврАзЭШ өлкөлөрүнүн аталган шериктештикке кирчү башка өлкөлөрдүн аймагында иштеп жаткан жарандары менен өндүрүштө болгон кырсыктарды тергөөгө байланышкан суроолорду жөнгө салат. Бул келишим ЕврАзЭШ өлкөлөрү үчүн күчкө ээ болот.

Үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында ЕврАзЭШтин иш-аракеттерин токтотуу тууралуу атайын келишиме кол коюлган, бирок аталган макулдашуу ага катышуучу өлкөлөр үчүн ЕврАзЭШ жоюлгандан кийин да күчүндө калат.

Ошону менен бирге КМШ алкагында түзүлгөн мындай документтерден айырмаланып, аталган эл аралык келишим тийиштүү иш сапарында жүргөн жарандар менен гана эмес, өз алдынча жана жумушчу күчтү уюшкан түрдө жалдоо аркылуу ишке орношкон жарандар менен болгон кырсыктарды да тергөө тартиптерин бекитет. 

2013-жылдагы расмий маалымат боюнча Белорусияда 2 миң адам, Казакстанда 2,6 миң, Россияда 35 миңден ашык адам өндүрүштөн жаракат алган.

ЕврАзЭШке беш өлкө кирет. Алар Россия, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан. Биринчи үч өлкө май айында Евразиялык экономикалык шериктештик түзүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан, буга дагы Армения жана Кыргызстан кирүүгө ниеттенип жатат. 

ЕЭБди кантип түзүшкөн

Евразиялык экономикалык биримдик (ЕЭБ) — евразиялык интеграциялоонун алкагында Россия, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын Бажы биримдигинин негизинде 2015-жылдын 1-январынан тартып түзүлүп жаткан экономикалык биримдик. Экономика тармагында мамлекеттер аралык интеграциялоонун алкагында кызматташтык мурдагы советтик мейкиндикте 1990-жылдардын аягынан бери жүргүзүлүп келе жатат. 1999-жылдын 26-февралынан тартып Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан Бажы биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндик тууралуу Келишимге кол коюшкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0