Мамлекеттик чек ара режимин бузган адам кармалды

© Фото / Auntie PКолючая проволока на границе с Узбекистаном
Колючая проволока на границе с Узбекистаном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик кыргыз-өзбек чек арасынан документсиз өтүүгө ниеттенген адам кармалды.

БИШКЕК, 5-ноя — Спутник Кыргызстан. Кыргыз-Өзбек чек арасынан чек ара режимин бузган адам кармалды деп билдири Мамлекеттик чек кара кызматынын басма сөз кызматы

Кечээ, 4-ноябрда Айдаркен чек ара отрядынын кызматкерлери чек ара тартибин бузгандыгы үчүн Өзбекстандын жаранын кармашты.

"Ал аталган өлкөнүн аймагынан Кыргызстанга кирүүгө ниеттенип, мамлекеттик кыргыз-өзбек чек арасынан документсиз өтүүгө аракет кылган", – деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик боюнча Кодексинин 389-беренесине ылайык, кармалган адамга айып салынып, Өзбекстандын чек арачыларына өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0