Бишкек: он беш миңге жакын жаран биометрикалык маалыматын тапшырды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанда биометрикалык маалыматтарды чогултуу улантылууда
Кыргызстанда биометрикалык маалыматтарды чогултуу улантылууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калктын биометрикалык маалыматын чогултуу иш-чаралары өлкөнүн бардык аймактарында улантылууда. Эл көп чогулган жерлерде атайын мобилдүү топтор түзүлүп, алардын биометрикалык маалыматтары алынууда.

Айылдарда биометрикалык маалымат чогултууга экиден киши тартылат
БИШКЕК, 3-ноя — Спутник Кыргызстан. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык,ушул күнү Бишкек шаары боюнча 14 527 адам биометрикалык маалымат тапшырды. Жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо учурда шаардын бардык райондорунда жана мамлекеттик ишканаларда жүрүүдө.

Стационардык жана мобилдик борборлорго 16 жаштан өткөн жарандар жанында паспорту менен келиши керек. Алар бармак изи, карегинин санариптик көчүрмөсүн жана кол тамгасын тапшырат. Биомаалымат тапшыруу милдеттүү түрдө, ал эми биометрикалык паспорт берүү ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. 

Кыргызстан үчүн биометрикалык жабдыктарды сатып алуу боюнча тендерди германиялык Giesecke&DevrientGmbH компаниясы жеңип алган.

Эскертсек, Бишкек шаарындагы Улуттук университетте дагы биометрикалык маалыматты чогултуучу атайын мобилдүү топ иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0